07.08.2019 12:17

Өкмөт Солтон-Сары кениндеги иш токтотулганын билдирди

Өкмөт Солтон-Сары кениндеги иш токтотулганын билдирди

Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу биринчи  вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын тиешелүү корутундусунун негизинде кабыл алынды.

Кечээ Кыргыз Республикасынын биринчи  вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Нарын облусуна барып, анда ошол аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуп, чырлашкан эки тараптын тең жүйөлөрүн угуп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун аныктады.

Кубатбек Боронов өзгөчө белгилегендей, жергиликтүү жашоочулардын койгон талаптары мыйзам чегинде аткарылат. Мындан тышкары кенде бул күндөрү жергиликтүү калктын жана кытай компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өткөн окуяларга байланыштуу тыкыр тергөө жүргүзүлөт.

«Ведомстволор аралык атайын комиссия өз ишин жүргүзөт. Алардын ишинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынат», - деди биринчи вице-премьер-министр. 

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ортодогу чатакка карабастан, ишкана ишин улантышы керек экенин билдирген.

Эскерте кетсек, Нарын облусундагы Солтон-Сары кен жайын иштетүүгө лицензия алган кытайлык компания менен жергиликтүүлөрдүн чыры августтун башында башталган. 2-август күнү Нарын облусунда жергиликтүү тургундар менен Кытайдан келген жумушчулар ортосунда уруш чыккан. Жыйынтыгында 2 айыл тургуну жабыркаган.

Анын кесепетинен 5-август күнү уруш уланып, жыйынтыгында 40 адам жабыркап, жыйырмасы ооруканага түшкөн. Кен иштетилчү аймакка жакын жайгашкан айыл тургундары «Zhong Ji Mining» компаниясынын ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышууда. Алардын пикиринде, кенди иштетүү алардын ден соолугуна жана экологияга зыян келтирет. Каршылык акциясына чыккандар бийликтен алтын кен чыгуучу жайдагы иштерди токтотуп, бардык жумушчуларды чыгарып кетүүнү талап кылышууда

Бул жаңжал боюнча Кытай элчилиги билдирүү жасап, окуяны кытайлык компанияны басып алуу катары баалаган. Ошондой эле, кыргыз өкмөтүн күнөөлүүлөрдү таап, жазалоого чакырган. 

Ал эми, УКМК кыргызстандыктардан чагымчыл мүнөздөгү тасмаларды таратпоону суранган